Бишкекте троллейбустар ишин жандантты

6 февраль 2019 16:34 1303 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте убактылуу токтотулган троллейбустар ишин жандантты. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан маалымдашты.

Бүгүн 6-февралда Бишкек троллейбус башкармалыгынын көмөк чордонунда авария болуп, №11, 14, 2, 9, 7 троллейбустары убактылуу токтоп калган. Эми оңдоо иштери бүтүп, кыймыл жанданып, троллейбустар кайрадан өз нугунда ишке киришти. 

Учурда 100дөн ашык троллейбус иштеп жатканын мэриянын басма сөз кызматы билдирет.




Ссылка: https://barometr.kg/toktop-kalgan-trollejbustar-zhr-bashtady



Добавить комментарий