Токтогулда баланы дааратканага таштап кеткен 18 жаштагы кыз кармалды

11 август 2021 13:20 1449 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад областынын Токтогул шаарында баланы дааратканага таштап кеткен аял табылды.Бул тууралуу аталган областтын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери дааратканага ташталган баланын энеси Бишкек шаарында жашаган 2003-жылы туулган А.К., экени аныктады.

18 жаштагы кыз Токтогулга 7-августта барган.

“10-августта ал курбу кызынын үйүнө конокко барып, түнөп калып, 11-августта төрөп, баланы дааратканага таштаган. Азыр ал Токтогулда, тергөө башталды”,-деп айтылат маалыматта.

Баланы таап алган үйдүн кожоюну эртең менен 05:00дө таңкы намазга туруп баланын ыйлаган үнүн уккан. Аялы экөөлөп баланы алып чыгууга аракет кылып, бирок колдорунан келбегенде куткаруучуларды чакыртышкан.

Ымыркай кызды куткаруучулар куткарып калып, тез жардамга өткөрүп беришти.

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-balany-daaratkanaga-tashtap-ketken-18-zhashtagy-kyz-karmaldy



Добавить комментарий