Токтогулда баңгизаты менен жергиликтүү тургун кармалды

21 декабрь 2018 16:09 1575 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Токтогулда баңгизаты менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы Barometr.kgге билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ИИМдин банги заттарды мыйзамсыз жүргүзүүгө каршы күрөшүү кызматы Ничке-Сай айылынын тургуну Ислам аттуу жарандын короосунан 65 даана гашиш табышты. Текшере келгенде салмагы 775 грамм болгон. 

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүп жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-bagizaty-menen-zhergilikt-turgun-karmaldy



Добавить комментарий