Токтогулда баңги сатып жүргөн эки жарандын жанынан жарым миллиондон ашык акча жана гашиш табылды

28 январь 2019 16:21 1563 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунан баңги каражатын жайылтып, сатып жүргөн жеринен эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Анда маалымдалгандай, кармалган баңги затынын жалпы салмагы 5 килограмм 4 граммды түзгөн. Андан сырткары, өздүк кароо жүргүзүү учурунда 5 килограмм 415 граммды түзгөн жашыл-күрөң 

түстөгү өзгөчө жыты бар зат  “гашиш” жана жарым миллиондон ашык акча каражаттары табылып алынган.

Кармалган жарандар  Жалал-Абад облусунун 1989-жылы туулган Ш. уулу И., жана 1990-жылы туулган К. уулу Т. аттуу тургундары экендиги такталды. 

Азыркы учурда жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-bagi-satyp-zhrgn-eki-zharandyn-zhanynan-zharym-milliondon-ashyk-akcha-zhana-gashish-tabyldy



Добавить комментарий