Токойдон чыккан тилсиз жоону өчүрүүгө катышкан 30 өрт өчүрүүчү каза болду

3 апрель 2019 10:51 2579 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Кытайдын Сычуан провинциясындагы тоолуу аймакта жуманын аягында токойдон катуу өрт чыккан. Өрттү өчүрүү учурунда 30 өрт өчүргүч каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар билдиришти.

Кытай чукул абалдарды башкаруу министрлигинен берилген маалыматта өрт өчүргүчтөрдүн Лиангшан аймагында 3 миң 800 метр бийиктиктеги бир аянтта чыккан токой өртүн өчүрүү иштерин аткарып жатканда шамалдын күтүлбөгөн жерден багытын өзгөртүшү менен кээ бир өрт өчүргүчтөрдүн өрттөн кутула албагандыгы билдирилди.

Маалыматта ишемби күнү чыккан токойдо чыккан өрттү өчүрүү иштерине 689 өрт өчүргүчтүн катышкандыгы бирок 30 киши менен байланыштын үзүлгөндүгү билдирилди.

Медициналык материалдарды ташыган эки тик учардын окуя болгон жерге жиберилгендиги баса белгиленүүдө. Куткаруу топтору тарабынан жоголгон өрт өчүргүчтөрдөн 30нун жансыз денесинин табылгандыгы билдирилди.

Кытай акыркы жумаларда өлкөнүн түрдүү аймактарында чыккан токой өрттөрү менен күрөшүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/tokojdon-chykkan-tilsiz-zhoonu-chrg-katyshkan-30-rt-chrch-kaza-boldu



Добавить комментарий