Токмокто кишинин колун толгоп акчасын алып кеткендердин бирөө кармалды
Токмок шаарында кишинин колун толгоп акчасын жана уюлдук телефонун алып кеткендердин биирөө кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 11-январда Токмок шаардык милициясына жабырлануучу кайрылып, азиат түспөлүндөгү белгисиз кишидер ага күч колдонуп, 5000 сомун жана уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Келтирилген чыгым 11 миң сомду түзгөн. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 201-беренеси "Каракчылык" боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.
Ыкчам иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында милиция шектүү катары буга чейин да соттолуп чыккан 30 жаштагы У.Э. аттуу жаранды кармады. Милиция эми анын өнөгүн кармоо аракеттерин көрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-kishinin-kolun-tolgop-akchasyn-alyp-ketkenderdin-bir-karmaldy
Добавить комментарий ×