Токмокто үч жигит кызды ала качып кетүүгө аракет кылганда кармалды

2 апрель 2019 12:02 1076 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери адам уурдоого шектүү деп үч жигитти кармады. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

29-мартта милицияга жергиликтүү тургун кайрылган, анын айтымында, белгисиз адамдар анын кызын ала качууга жана никелеп алууга аракет кылган.  

“Шаарда жайгашкан кафелердин бирине барган жигиттер Honda Fit унаасы менен кызды ала качууга аракет кылышкан. Шектүү жигиттер камалып сот учурда баш коргоо чарасын кабыл алып аларды үй камагына кести. Тиешелүү экспертизадар дайындалды “,-деп кабарлашты ШИИБден.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-ch-zhigit-kyzdy-ala-kachyp-ketg-araket-kylganda-karmaldy



Добавить комментарий