Токмокто агасы аялына болушуп карындашын муунтуп өлтүрүүгө аракет кылды

10 июнь 2019 15:07 3436 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токмок шаардык соту өзүнүн карындашын муунтуп өлтүрүүгө аракет кылган Б.А.га карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун токтомунда айтылат.

 Аталган материалдарга таянсак, 16-мартта айыпталуучу өзүнүн карындашынын үйүнө барып экөө уруша кетишкен жана агасы кызды муунткан.

Жабырлануучукыздын айтымында, агасы кызы менен жашаган апасын карабайт. Аял уулунун үйүнө кайтып келгиси келсе агасы аны жолотпойт.

Сот учурунда карындашы агасын катуу жазалоону өтүндү.

 Айыпталуучу карындашы анын үйүнө келип аялынын ноутбугун талкалап салганын, бирок ага кол көтөрбөгөнүн сотто айтып чыкты. Анын айтымында карындашы Кемин районундагы анын атасынын үйүн алыш үчүн талашып жатат.

Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп таап ага 20 миң сом өлчөмүндө айып салды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-agasy-ayalyna-bolushup-karyndashyn-muuntup-ltrg-araket-kyldy



Добавить комментарий