Токмокто 3-июндан бери дайынсыз болуп жаткан 36 жаштагы аял изделүүдө
Токмок шаарынын ички иштер бөлүмү дайынсыз болуп жаткан Айгүл Смагуловна Жангировага издөө жарыялады. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматына таянып “Барометр” билдирет.
1984-жылы туулган Айгүл Смагуловна Жангирова ушул жылдын 3-июнунда Токмок шаарындагы Жантаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, чымыр денелүү, чачы кара түстө ийнине чейин, күрөң көз.
Кийген кийими: сары көйнөк, штапель шым, бутунда жайкы ак тапочка.
Жангированын жүргөн жери жөнүндө маалыматы барлардын баарынан төмөнкү телефондорго кайрылып коюшуңуздарды өтүнөбүз: Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмү 0 (312) 60-73-63, 0 (709) 07-21-56, 0 (551) 10-27-53.
Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-3-iyuldan-beri-dajynsyz-bolup-zhatkan-36-zhashtagy-ayal-izdeld
Добавить комментарий ×