Тогуз саатка созулган өрттөн 69 киши каза болду

22 февраль 2019 09:25 1270 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бангладештин баш калаасы Даккада тарыхый имараттар жайгашкан аймакта өрт чыкты. Тилсиз жоонун кесепетинен 69 киши каза көз жумду.

Өрт өчүрүүчү кызматтын башкы директору Али Ахмед, шаардын Эски Дакка деген аймагынын Чавкбазар районунда кечки убактарда бир имаратта башталган өрт кампаларында химиялык зат жана пластмасса болгон имараттарга чачырап заматта жыйылып кеткенин белгиледи.

Өрт өчүрүүчү кызматынан Махвуз Рибен үйлөр, дүкөндөр жана кампалары болгон имараттар жайгашкан тар көчөлүү аймакта чыккан өрттөн кеминде 69 кишинин каза тапканын билдирди.

Рибен көп сандаган кишинин аймактан чыга албай калганын жана каза тапкандарын саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин айтты.

Дээрлик 9 саатка созулган тилсиз өрт өчүрүү кызматынын аракетинен кийин көзөмөлгө алынды.


Ссылка: https://barometr.kg/toguz-saatka-sozulgan-tilsiz-zhoonun-kesepetinen-ulam-69-kishi-kaza-boldu



Добавить комментарий