Түндүн бир оокумунда ойгонуп алуу кооптуу

13 февраль 2019 08:38 5986 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кээ бир адамдар түндүн бир убагында ойгонуп, таң атаарда гана уктап кетишет. Бир жолу болсо, эч нерсе эмес дейсиз! Ал эми күн сайын кайталана берсе, белгилүү бир себеби бар. Ал тууралуу азыр айтып бермекчибиз.

Кытайдын салттуу медицинасынын айтуусу боюнча, түңкү убакытта уктай албаган адамдардын организминде кандайдыр бир маселе болушу мүмкүн.

Алгач түндүн кайсы маалында ойгонуп алаарыңызды эске түшүрүңүз.

21.00 — 23.00 убакыт аралыгында төшөккө жатып, бирок уктай албасаңыз стресстин белгиси. Мындан арылуунун бир жолу-медитация.

23.00 — 1.00 саат аралыгында уктай албасаңыз, бир нерседен түңүлүүнүн белгиси. Кытайдын салттуу медицинасына ишенсек, бул убакыт ашказандын активдүү жумуш иштеген убагы. Эгер ушул убакытта ойгонуп кете берсеңиз, көңүлүңүздөгү таарынычты бошотууга аракет кылыңыз. Кечиримдүү болуңуз!


1.00 — 3.00 саат аралыгы— ызанын белгиси. Бул убакыт организмдеги боор менен байланыштуу. Мындай маалда тынч уктоо үчүн муздак суу ичиңиз жана жакшы нерсени ойлоңуз.

3.00 — 5.00 бул убакытты кытайлыктар Чоң Күч ээси менен байланышуу деп аташат экен. Бул убакытта ойгонгон адамдардын кандайдыр бир кайгысы болушу мүмкүн. Уйкусуздуктан арылуу үчүн дуба окуганыңыз ашыкча болбойт.

Ссылка: https://barometr.kg/tndn-bir-ookumunda-ojgonup-aluu-kooptuu



Добавить комментарий