Түндүк-Түштүк трассасын курууга археологдор тартылат
Бөлүшүү:
Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар маалымат парталында кабарланган. Билдирүүгө караганда окумуштуулар жол курууда археологиялык жана маданий баалуу обьектилердин бар экенин аныктап, аларды сактап кою боюнча сунуштарын бериши шарт.
Аны үчүн эстеликтер, сөөк көмүлгөн жайлар, тарыхый имараттар жана башка маанилүү жайлар изилдөөнү талап кылат. Айрыкча жолчуларды жолдун четинде көрүнүп турган обьектилер кызыктырууда.
Түндүк-Түштүк альтернативалык трассасын куруунун жалпы аралыгы 433 километрди түзөт жана ал 2020-жылга чейин салынып бүтүшү пландаштырылган.
Ссылка: https://barometr.kg/tndk-tshtk-trassasyn-kuruuga-arheologdor-tartylat
Добавить комментарий ×