“Түндүк электрдин” 60 пайыз жабдуусу эскирди
Бөлүшүү:
“Түндүк электр” компаниясынын 60 пайыз жабдуусу эскирди. Бул тууралуу компаниянын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысы Арстанбек Саматбек уулу маалымдады.
Ал ошондой эле электр берүү линиялары дагы эскиргенин билдирди.
“Оңдоо иштери жүрүп жатат, оңдоого кеткен каражаттарда калктын электр энергиясына төлөгөн акчасы да бар. Жабдуулар эң көп дегенде 25 жыл иштеши керек, ал эми бизде 1950-жылдан бери иштеп келе жаткан жабдуулар бар”,-деп айтты ал.
Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektrdin-60-pajyz-zhabduusu-eskirdi
Добавить комментарий ×