“Түндүк электр” ишканасы Талас облусунда ачык эшик күнүн өткөрдү
“Биргеликте жарык-Кыргызстан” фестивалынын алкагында “Түндүк электр” ишканасы Талас филиалында ачык эшик күндөрүн өткөрдү. Бул иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин жана Талас агрардык-экономикалык колледжинин биринчи, экинчи жана үчүнчү курстагы келечектеги энергетик боло турган студенттери катышты. Бул тууралуу маалыматтарды аталган ишкананын басма сөз кызматынын өкүлү Бегимай Төрөбаева Вarometr.kg сайтына билдирди:
“Мекендештерибиз жакшы билгендей, май айында “Биргеликте жарык - Кыргызстан” фестивалы башталган. Фестивалдын негизги максаты жашоо тиричиликте электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу. Бул акция менен Кыргызстандын жашоочуларын энергоресурстарга болгон көз карашын өзгөртүп, тиричиликте жана өндүрүштө заманбап технологияларды колдонууга чакыруу. Фестиваль Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети менен Улуттук Энергохолдингдин, БУУ өнүктүрүү программасы жана башка коомдук уюмдардын колдоосу менен активдүү уюштурулууда” – деп маалымат берди.
Акциянын жүрүшүндө “эгер электр энергиясын алып жүрүүчү жабдыктарга болгон баанын күн санап өсүп жатканын эске алсак, анда бүгүнкү күндө тиричиликте жана өндүрүштө электр энергиясын үнөмдөө актуалдуу зарыл. Электр энергиясын үнөмдөөнүн жөнөкөй түрлөрү бар, бирок биз аларды күнүгө колдонсок эффективдүү болот” –деп келген конокторго түшүндүрдү “Түндүк электр” ишканасынын Талас филиалынын техникалык маселелер боюнча аткаруучу директору Айбек Асаналиев.
Электр энергиясын колдонууда билимдүүлүк жана жөндөмдүүлүк менен коопсуздук эрежелерин сактоо маанилүү экендигин ишенимдүүлүк жана техникалык коопсуздук кызматынын инженери Эльмира Базарбаева айтып берди. Анткени коопсуздук эрежелерин сактабай коюу менен өмүрүбүзгө коркунуч жаратабыз. Бул катачылык адамга акыркы катасы болуп калышы мүмкүн.
Студенттер Метрология кызматынын жетекчиси Калысбек Түлебердиевдин жардамы менен электр энергиясын эсептөөчү эсептегичтердин өзгөчөлүктөрү жана алардын дайындалышы тууралуу маалыматтарды алышты. Ал эми улук диспетчер Токтосун Керимкулов студенттерге нөөмөттөгү диспетчердин жумушу жоопкерчиликтүү жана маанилүү экендигин баса белгиледи. Талас облусунун бөлүштүрүү түйүндөрүн ыкчам башкаруу кандай болоорун нөөмөттөгү диспетчер түшүндүрүп берди.
Оңдоо цехинин жетекчиси Аман Оболбеков студенттерге май трансформаторду чачуу, кайра чогултуу, кургатуу, трансформатор майын текшерүү, коргоочу жабдууларды сыноо боюнча практикалык сабакта айтып берди. Кийинки практикалык сабак окуу полигонунда электр жабдыктарынын макеттери менен болуп, сабакты электр техника кызматынын жетекчиси Кеңешбек Кудашов өттү.
Иш чаранын жыйынтыгында студенттер калкты тейлөөчү борбордо болушту. Тейлөө борборунун жетекчисинин орун басары Рафук Дуйшебаев борбордун иши тууралуу студенттерге айтып берди. Келечектеги энергетиктердин айтымында, алар өздөрү үчүн көп жаңы нерселерди, баштапкы практикалык көндүмдөрдү басып үйрөнүштү. Бул, албетте, студенттердин окуусун андан ары ийгиликтүү алып кетүүсүнө жардам берет деген ойлор айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/tndk-elektr-ishkanasy-talas-oblusunda-achyk-eshik-knn-tkrd
Добавить комментарий ×