Түлеев: Бишкек шаарынын бейпилдиги үчүн мэрдин милдеттерин аткаруудан баш тарттым

22 октябрь 2020 11:04 975 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 22-октябрда Нариман Түлеев Бишкек шаарынын милдетин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Ал мэрлик милдетти талашкан ар кандай чагымчыл  күчтөрдүн аракетинен калаа тургундары жабыркап калбас үчүн мэрдин милдеттерин аткаруудан баш тартканын айтты.

“Азыр биз, бүткүл дүйнө сыяктуу, оор күндөрдү баштан кечирип жатабыз. Пандемия, экономикалык кризис, саясий топтордун жана кландардын өз ара чагымчыл аракеттенүүсүнөн жөнөкөй адамдар жабыркап жаткан оор мезгилди баштан кечирип жатабыз.

Ага утурлай эле COVID-19 илдетинин күч алышы кырдалды мындан бетер оорлотту. Ушундай күндөрдө борбор калаанын мурунку мэри Азиз Суракматовдун өтүнүчү боюнча Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри кызматына келдим. Азиз Эмилбекович жакшы иштеди, бирок ал шайлоого барууну чечип, мен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, шаар мэринин милдеттерин аткара баштадым.

Бирок, мэрдин креслосунун айланасында ар кандай топтордун жана шектүү инсандардын ыплас жана жийиркеничтүү күрөшү башталганда калаадагы тынчтыкты сактоо максатында мэрдин милдеттерин аткаруудан баш тарттым.  Бийлик талашкандардын аракеттери агрессия менен коштолуп,  мага кол салуу деңгээлине жетти. Бул нерсеге  жүрөгүм ооруду, айрым адамдар бийлик  үчүн элдерди бири-бирине каршы багыттап коюга даяр экендигин көрдүм.

Бийлик талашкан күчтөр менин тарапташтарым жана пикирлештеримди коркутуп-үркүтө башташты.

Алардын өмүрүнө коркунуч келтирүүгө моралдык укугубуз жок жана өсүп келе жаткан охлократия толкуну акыл менен жана фактылар менен токтобостугун түшүнүп, биз Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жапаров Садыр Нургожоевич менен бирдикте, меннин кызматтан кетүү чечимимди кабыл алдык”, - деди Түлеев.

 Ошондой эле билдирүүдө мэрдин милдетин мындан ары вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарары айтылат.

Ошону менен катары эле, ал калаа тургундары менен коштошпой тургандыгын айтып, кайрадан мэрияга кайтып келерин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/tleev-bishkek-shaarynyn-bejpildigi-chn-merdin-mildetterin-atkaruudan-bash-tarttym



Добавить комментарий