Өткүрбек Жамшитов: Максим Бакиевдин АКШдагы 6 млн доллар каражатынын гана дареги бар

27 сентябрь 2018 19:05 768 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеӊеште Максим Бакиевдин каржы консултанты Евгений Гуревичтин Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан чыгарып кеткен каражатка байланыштуу билдирүүсү боюнча тийиштүү органдардын иликтөө иштери боюнча маалымат угулууда. Анда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Гуревич уурдалган каражаттын дарегин так айтпаганын айтты.

«Гуревич уурдалган каражаттын дареги, анын булактары, анын банк эсептери жөнүндө так маалымат берген эмес. Ал Бакиевдердин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 млн доллар көлөмүндө каражат чыгарып кеткен деп эле кайра-кайра кайталоодо. Ошондон улам, кыйынчылыктар жаралып жатат. Азыркы учурда Максим Бакиевдин АКШдагы 6 млн доллар каражатынын гана дареги бар, ал банкта тоӊдурулган. Кыргызстан азырынча ал каражатты ала элек», - деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/tkrbek-zhamshitov-maksim-bakievdin-akshdagy-6-mln-dollar-karazhatynyn-gana-daregi-bar



Добавить комментарий