Жергиликтүү кеңештерге добуш бере турчу шайлоочулардын контролдук тизмеси жарыяланды

11 март 2020 14:19 701 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 12-апрелинде айрым жергиликтүү кеңештерде кезектеги шайлоолорду даярдоонун жана ѳткѳрүүнүн календардык планына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Тизме» мамлекеттик порталында шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялады. Бул тууралуу КР БШКнын маалымат бөлүмү билдирди.  

Шайлоо мыйзамдарына ылайык контролдук тизме добуш берүү күнүнѳ чейин 35 календардык күн калганча жаңыртылып турат. 2020-жылдын 13-мартында контролдук тизме шайлоо комиссияларында илинет.

КР БШКнын маалыматына ылайык 13-февралга карата алдын ала тизмеде шайлоочулардын жалпы саны 340 479 шайлоочуну түзгѳн. 2020-жылдын 8-мартына карата контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны  342 545 шайлоочуну түзгѳт. Бшкача айтканда, 2 066 шайлоочуга кѳбѳйгѳн.

Үстүбүздѳгү жылдын 28-мартына чейин ар бир  шайлоочу  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу үчүн ѳздѳрүн шайлоочулардын тизмесинен тактап алса болот. Шайлоо участкасына келип же болбосо www.tizme.gov.kg  шилтемеси боюнча  «Тизме» порталынан, ошондой эле  119 номерине коңгуроо чалуу аркылуу шайлоочулардын тизмесинен ѳздѳрүн тактап алса болот (чалуу акысыз). 

Эгерде кандай гана болбосун каталар же так эместиктер табылса, ошондой эле алдын ала, контролдук тизмеде жок болуп чыкса, жаран 2020-жылдын 28-мартына чейин шайлоочулардын тизмесине ѳзгѳртүү киргизүү же ѳзүн киргизүү жѳнүндѳ  арыз менен, паспортун (ID-карт) кѳрсѳтүп, анын кѳчүрмѳсүн арызына тиркѳѳ аркылуу  тийиштүү шайлоо участкасына кайрылууга укуктуу (1-форма боюнча бланк). Мындай учурда шайлоочу биометрикалык идентификациядан ѳтѳт.

БШК жашаган жери боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарынан биометрикалык каттоодон ѳтсѳ боло тургандыгын эскертет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жергиликтүү шайлоолорго шайлоочулардын тизмесине добуш берген күнү активдүү шайлоо укугуна ээ, жергиликтүү коомдоштуктун мүчѳсү болуп саналган жана биометрикалык каттодон ѳткѳн Кыргыз Республикасынын жараны киргизилет.

Мыйзамга ылайык жергиликтүү коомдоштукка жарандын таандуулугу Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортундагы тийиштүү белги менен тастыкталууга тийиш.

Мыйзамдын ушул талаптарына ылайык, пропискасын ѳзгѳрткѳн, бирок паспортуна белги коюлбаган  жаран жергиликтүү шайлоолордо тийиштүү тизмеге киргизилбейт.

Мындай учурда, мурда белгиленгендей, укук коргоо орандары 12-апрелде жергиликтүү кеңештерде шайлоолор ѳтүүчү шаарларда жарандардын жапырт прописка жасоосун текшерүү боюнча иштерди жүргүзѳт.

Текшерүү (сотко чейинки аракеттер, кызматтык териштирүүлѳр)  жүргүзүлүүчү жарандардын категориялары жана/же жапырт каттоо жүргүзүү даректери ѳзүнчѳ бѳлүнүп каралат. Шайлоочулардын тизмесине байланыштуу булар боюнча андан аркы аракеттер текшерүү аяктаганга жана укуктук баа берилгенге чейин токтотулган.

Ссылка: https://barometr.kg/tizme-mamlekettik-portalynda-shajloochulardyn-kontrolduk-tizmesin-zharyyalady



Добавить комментарий