Тизме: Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында кошумча трансформаторлор орнотулду
«Түндүкэлектро» ААК трансфоматордук көмөкчордондогу жүктү азайтуу максатында Чүй, Талас облустарында жана Бишкек шаарына кошумча 50 трансфоматордук көмөкчордон орнотту.
Алсак:
Бишкек шаарына – 3,
Чүй облусуна - 31,
Талас облусуна - 16
Бишкек шаарында кошумча көмөкчордондор Элебесов/Васильев; Лущихин/Чайковский; ТоголокМолдо/Кудрук көчөлөрүнүн кесилишине орнотулду. Батыш РЭСинин башкы инженери Каныбек Шаменов айтуусунда, көмөкчордондордун эскилиги жеткендиктен жана ашыкча жүктөм болгондуктан бул аймакта өчүрүүлөр тез-тез болуп турган. Жаңы көмөкчордондорду орнотуу менен өчүрүүлөр азайып, калкты электр энергиясы менен камсыз кылуу сапаты жогорулайт.
Ушундай эле жумуштар Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Маевка, Аламудун, Лебединовка, Көк-Жар жана Теңдик конушунда да орун алды. “Кошумча көмөкчордондорду кубаттуулугу аз болгон аймактарга орноттук. Анткени ал аймактын тургундары электр энергиянын чыңалуусунун аздыгына арызданып келишкен. Буйруса кошумча көмөкчордон орнотуу менен бул конуштардын тургундарын бардык маселелери чечилет деп ойлойм” – деп белгиледи Аламүдүн РЭСинин башкы инженери Кадырбек Темирканов.
Ал эми Талас облусу боюнча «Северэлектро» ААКы кошумча16 көмөкчордонду орнотту.
Алар:
Талас шаарына -2;
Талас районуна- 4;
Бакай-Ата районуна- 3;
Кара-Буура районуна-4;
Манас районуна -3.
Эске сала кетсек Бишкек шаарынын мэриясынан, Бишкекглавархитектурадан, Чүй, Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринен, архитектура бөлүмдөрүнөн кошумча көмөкчордондорду орнотууга уруксат берилип, атайын жер бөлүнүп берилген.
Добавить комментарий ×