Тишиңиз аппак болгонун каалайсызбы?
Ар бир адамга жарашкан бир нерсе бар. Ал-күлкү. Балага окшоп жадырап, жайнап күлүп жүргөнгө эмне жетсин? Ал эми күлкүнүн сулуу болушу башка сөз. Бул жерде добушка байланыштуу сөз болгон жок. Ал үчүн болгону аппак кардай тиштер тууралуу айткыбыз келет. Тиш күн сайын жеген тамактын кесепетинен саргайып кетет. Ошого байланыштуу тишти үй шартында агартуу ыкмасы тууралуу сөз кылмакчыбыз.
Таза стаканга кайнап турган сууну куябыз.
Лимонду ортосунан кесебиз.
Чай кашык сода салып, аралаштырабыз.
Үстүнө лимон ширесин тамызабыз.
Жакшылап аралаштырып, аны менен тишибизди 2-3 мүнөт чайкайбыз.
Ушул рецептин жардамы менен тишти оңой агартып, акчаны үнөмдөсө болот.
Ссылка: https://barometr.kg/tishiiz-appak-bolgonun-kaalajsyzby
Добавить комментарий ×