Тимур Саралаев Россиядагы мигранттардын көйгөйүнүн чечилбей жатышына Бишкекти айыптады

28 апрель 2020 12:44 1381 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын эмгек мигранттарын колдоо фондунун директору Тимур Саралаев Россияда коронавирустан улам кете албай калгандардын көйгөйү, элчиликке, элчиге айтылган сын жана башын көтөрбөй унчукпай жаткан саясий лидерлер тууралуу пикирин ачык айтып чыкты.

Эске салсак, ушул тапта социалдык тармактарда Кыргызстандын Россиядагы элчилигин мигранттарга жакшы жардам бербей жатат, тааныш-билиштерге гана жардам берилүүдө деген айыптар айтылууда. Тимур Саралаев ошол көйгөй тууралуу элчилик жасап жаткан иштерге токтолду.

"Калыстык үчүн айтып кою керек. Урматтуу достор, урматтуу Канышай Эже Сизге, урматтуу журналисттер, Сиздерге жигитче ачык айтып кою учуру келди.

Учурда, Россияда COVID-19 менен ооругандардын саны 90 миңге жетейин деп калды, анын ичинен теңи Москва шаарында, каза болгон адамдардын саны 800 кишиге жетти, Москвада 500гө жетейин деп калды. Тилекке каршы ооругандардын арасында кыргыздар да бар.

Айтаарым, Элчиге жан тарткан үчүн эмес, Элчилик менен бирге Миграция кызматынын, ИИМдин, ЕАК комиссиясынын жана диаспоранын лидерлери, өкүлдөрү бир айдан ашуун, дем алышсыз, күнү-түнү рисктерге карабастан өз коопсуздукту эбак унутуп, РФ жана Москва шаарындагы кыргыздардын түйшүгүн аз болсо да, жеңилдетүү максатында ишти 1 саатка да токтото элек. Алар саналуу эле адамдар.  

Кайсы жерге барбайлы, абдан чектелген мүмкүнчүлүктөргө карабастан колдон келген нерселерди алар кылып жатышты. 

Биздин жалпы дарекке айтылган өйдө-төмөн сөздөргө, сынга карабастан дагы да, уланта беребиз.

Сөздөрүмдү айрымдар, жалган деп ойлобош үчүн, мен күнүгө Фейсбук жана Инстаграмм баракчам аркылуу, бир күнү эртең менен, бир күнү күндүзү, башка күнү кечки-түнү on line ишти көрсөтүп жаттым. Бирок ага карабастан, айрымдар тарабынан нааразычылык күч алды, - “элчилик “мындай-тигиндей”, чартер уюштурбайт, элди кетирбейт, жолду ачпайт, жардам бербейт, майыптар менен кары-картаңдар Москвада жок, тааныштарына тамак-аш берип жатат”, деп, ж.у.с. 

Акыры бүгүн бир провокатор келип – “Элчилик элдин алдынан эшикти жаап алды” десе эле, анын абройлуу эле адамдар артынан чаппкан бойдон ала качып кетишти.

Кечирип коюңуздар, ардактууларым, бирок ал жигит, же ал сыяктуу кече, мурда күнү келип, колл-центрге чейин кирип келип, - “иштеп-жатасыңарбы, силерди текшергени келдик”, деп жулкулдап келгендер кимдер?! Алар ТИМден, же ЖКтин Эл аралык комитетинен, же Президенттин аппаратындагы Тышкы саясат бөлүмүнүн текшерүүчүлөрбү?! Ким өзү алар?! Мен билбейм, тааныбайм, көргөн эмесмин, уккан да эмесмин. Алар Кыргыз Республикабыздын жарандары, маалымат алганга Элчиликтин ишмердүүлүгү боюнча толук укуктуу, бирок мындай формада эмес, эшикти тепкилеп эмес, чыкканда эле кыйкырык формада эмес, дүрбөлөң аркылуу эмес. Чынын айтканда ошол жигит келгенде мен, башка жакта болуп калганыма өкүнүп жатам, мен аны менен сүйлөшөт элем, ишти көргөзөт элем.

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары, Москвада да, өзгөчө инстаграммда мен активдүүмүн. Биздин ал жактагы жаш “москвичтердин” ойлогон ойлорун уксаңар чачыңар тик турат, арасында маргиналдар да жок эмес – “жүргүлө Элчиликти өрттөйлү” дегендер.

Учурда, 1 адамга жардам берсек, тилекке каршы миң адам калып кетип жаткан мезгил, анткени бизде каражат жок, жетиштүү эмес. Элчи өзү таап жаткан акча хостелдерге, 3 апталык азык-түлүккө гана жетти, дагы рахмат кол сунган диаспорага, кыргыз ишкерлерине, алар товар менен алып келип жатышты Штабка. Бул жардам миңдин тегерегиндеги үй-бүлөгө гана жетти (2500-300дей киши жардам алды). Бирок баары бир бул көлгө куйган бир гана тамчыга барабар. Анткени бере турган нерсебиз масштабды эске алганда, жокко тете. Учура турган да учагыбыз жок, батирлердин ижарасын төлөй турган да акчабыз жок.

Уланта берсе сөз көп, соңунда айтаарым – азыркы күнү Элчиликти тепкилегенге оңой, жеңил, эң ыңгайлуу баарына, сындай берсе боло берет демекчи. Бирок ушул күндөргө чейин унчукпай келдим, - “пиар кылып жатышат, мактанып жатышат” дебесин деп. Эми мындан ары жеке мамилелерге карабастан, болгонун-болгондой сыпайланбай айтып турганга мезгил келди.

Ошондуктан, мен айткым келет - маселе элде эмес, Элчиликте, же Эличиде, же менде эмес. Маселенин баары Бишкекте! 

Кана "мигранттар" деп сайрап жүрүшкөн саясатчылар, партбосстор, лидерлер, жаш саясатчылар, ишкерлер?! Кайдасыңар силер?!  Бириң жоксуңар го. Анча-мынчалар трибунадан сүйлөп жатышат. Силердин сүйлөгөнүңөр кереги жок азыр, керек болсо силерден да кооз сүйлөй алабыз, силерден азыр күчөтүлгөн колдоо керек. Кайда ыкчам чечимдериңер?! Бул жерде эл-журт кыйналып жатат, жетимсиреп калды, ошондуктан алардын ачууланганына мен таарынбайм.

Кыргызстандын активдүү калктын төрттүн бир бөлүгү бул жакта жүргөнүнө карабастан, саясий элитанын кайдыгер болгонуна таң калам жана ызаланам...", - деп жазды ал.

Эске салсак, Россиянын бир катар шаарларында коронавирустан улам мекенине жүздөгөн мекендештер келе албай калышкан. Алар өкмөттү, президентти жардам берип, Кыргызстанга алып кетүүнү суранышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/timur-saralaev-rossiyadagy-migranttardyn-kjgjnn-chechilbej-zhatyshyna-bishkekti-ajyptady



Добавить комментарий