Теракт уюштурууну пландаган киши кармалды
Бөлүшүү:
Казакстандын борбор калаасы Нур-Султанда теракт уюштурууну пландаган киши кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети билдирди.
Ага ылайык, шектүү Нур-Султанда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында кармалган. Ал борбор калаада теракт уюштурууну пландаган деп айыпталууда. Шектүү мындай кадамга “Ислам мамлекети” террордук тобунун басымы алдында барган. Кармоо учурунда анын жанынан жардыруучу зат жасоодо керектеле турчу айрым буюмдар табылган.
Ссылка: https://barometr.kg/terakt-uyushturuunu-plandagan-kishi-karmaldy
Добавить комментарий ×