Телеалыпбаруучу: "Мамлекеттик тез жардам "тез жардамбы" же "көр" жардамбы?"

27 июль 2018 02:35 2355 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Телеалыпбаруучу Айзада Жамгырчиева өзүнүн Instagram баракчасына шаардык тез жардам кызматынын кеч келгендигин айтып, нааразы болду. Ал:" Ысык-Көлгө барып сол жак моюнума суук тийгизип алгам. Мындан улам дене табым 40 градуска чейин көтөрүлүп, буттарым титиреп жаман болдум. Жан керек экен, мамлекеттик тез жардамдан жооп ала албаган соң, жеке менчик тез жардамга кайрылып, анын кызматы менен колдондум"-деди. 

Тез жардам борборунун кызматкерлери бул билдирүү менен таанышкандыгын айтышып: "Эрте эле бир адамдын айткан сөзү менен жыйынтык чыгарып коюга болбойт. Окуянын чоо-жайын териштирип туруп анан, текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Алгач бул боюнча кагаз турүндө арыз менен кайрылыш керек"- дешти. 

Медиктердин айтымында, чоң кишинин температурасы көтөрүлгөндө тез жардамды чакыруу зарыл деле эмес дешет. 

Ссылка: https://barometr.kg/telealypbaruuchu-mamlekettik-tez-zhardam-tez-zhardamby-zhe-kr-zhardamby



Добавить комментарий