Текебаевдин жүрөк оорусу кармап абалы начарлап кеткени айтылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаевдин ден соолугу кайрадан начарлап кетти. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Маалымдалгандай, Текебаев неврология борборунан № 47 түзөтүү мекемесине которулгандан кийин жүрөк оорусу кармап, кан басымы жогорулап кеткен.
«Өмүрбек Текебаев учурда медициналык көзөмөлдө турат. Бирок, керектүү дары-дармектер колониянын медициналык бөлүмүндө жок», —деди Таалайгүл Токтакунова.
Эске салсак, Өмүрбек Текебаев орус ишкеринен ири суммадагы пара алган деп айыпталып, КР Кылмыш жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча 8 жылга эркинен ажыратылган.
Ссылка: https://barometr.kg/tekebaevdin-zhrk-oorusu-karmap-abaly-nacharlap-ketkeni-ajtyldy
Добавить комментарий ×