Жазаларды аткаруу кызматы: Текебаевдин жаза мѳѳнѳтү 2021-жылга чейин

24 август 2019 11:18 2770 3 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин жаза өтөө мөөнөтү 2021-жылы 20-ноябрда аяктайт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Учурда Ө.Текебаев жазасын №47 түзөтүү абагында өтөп жатат. Ал 2017-жылы 16-февралда Биринчи май райондук сотунун чечими менен 8 жылга эркинен ажыратылган болчу. Жаза өтөө мөөнөтү 2017-жылы 26-февралда башталган.

Ө.Текебаевге карата «Мунапыс жөнүндө» мыйзам колдонулуп, жаза мөөнөтү 2 жыл, 8 айга кыскарган болчу. Ошондой эле алдын ала корутунду боюнча 7 ай, 6 күн камакта жаткан. Муну менен жаза өтөө мөөнөтүндөгү 1 күн 2 күн катары эсептелинген.

21-августта Жогорку сотто Өмүрбек Текебаевге карата козголгон кылмыш иштеги жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот отуруму өткөн. Сот Ө.Текебаев менен Д.Чотоновдун ишин кайрадан Биринчи май райондук сотуна жөнөтүү чечимин кабыл алган.

Жогорку соттун токтому менен Ө.Текебаев менен Д.Чотоновго карата чыгарылган Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы, Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы, Жогорку соттун 2017-жылдын 21-ноябрындагы жана 2019-жылдын 3-майындагы өкүмдөрү жокко чыгарылган.

Учурда Ө.Текебаев Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунда дарыланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/tekebaevdin-zhaza-mnt-2021-zhylga-chejin



Добавить комментарий