"Теңелбей коёюн десем, бул киши көрүнгөн жерден мени жамандаганын койбоду" Илим Карыпбеков Чынара Капарова тууралуу окуянын чоо-жайын айтты
КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков мурдагы диктор Чынара Капарованын айткан сөздөрүнө кошулбайт. Ал бул тууралуу жеке баракчасы аркылуу: "Ушул кишиге теңелбей эле коёюнчу десем, сиздер бул киши боюнча сураганыңарды койбодуңар, бул киши мени көрүнгөн жерден жамандаганын койбоду"-деп окуянын чоо-жайын, эмне кылганын толук айтып берди.
Анын айтымында диктор Чынара Капарованы кызматтан кетиргени чындык. Бирок, соттошуп олтуруп, айрым мыйзам талаптары сакталган эмес деп, Капарованы кызматка кайра бекитилиши керек деп сот чечим чыгарган. Карыпбеков кызматка алуу боюнча кайра буйрук чыгарган экен. Бирок, Чынара Капарова 1-2 кун дагы иштебестен өзү кызматтан кетүү каалоосун билдирип кетип калган.
"Кысым көрсөттү деп ар кайсы гезиттерге, ММКларга интервью берип жатат. Анын баары калп"-дейт Илим Карыпбеков.
Эске салсак, жакында эле КТРКнын 60 жылдыгына байланыштуу диктор айым Чынара Капарова жеке ой-толгоолорунда "Ондогон жетекчилер менен жакшы иштешкем, бир гана Илим Карыпбековдун эки жүздүү башкаруусуна чыдай алган жокмун деген билдирүүсүн калтырган эле.
Добавить комментарий ×