ТЭЦ иши. Коргоо: Артыкбаев ТВЕА менен «Электр станцияларынын» ортосунда түзүлгөн келишимге таасир эткен эмес

30 май 2019 17:51 10002 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 30-майда бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш ишин кароо уланды. Сотто экс-энергетика министри, парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев жабырлануучу тараптын өкүлү болгон Финансы министрлигинин кызматкери Руслан Байдиновдон КР мыйзамына ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын чечимдеринин статусу жөнүндө сурады.  

Байдинов жоопту кийинки отурумда камдап келе тургандыгын айтты.

Эскерте кетсек, мыйзамдын нормаларына ылайык, ведомстволор аралык комиссиянын чечими сунуштоочу гана мүнөзгө ээ, башкача айтканда ААК аткаруусу үчүн милдеттендирилбейт. Акционердик коом жөнүндө мыйзамга ылайык, компания директорлор кеңешинин жана акционерлердин чогулушунун макулдугу менен өз алдынча келишим түзө алат. Бул жерде сөз ТВЕА менен «Электр станцияларынын» ортосунда түзүлгөн келишим тууралуу болууда.  

Ошентип, сотто ведомстволор аралык комиссиянын жыйналышы эч нерсеге таасир этпегендиги далилденди.

Белгилей кетсек, буга чейин парламентте тергөө органдары депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ведомстволор аралык комиссия эч нерсени чече албасын жана анын чечими «Электр станциялары» үчүн милдеттүү болбогондугун айтышкан. Андан тышкары, тергөө башкармалыгын начальниги Сагынбека Самидин уулу ведомстволор аралык комиссиянын кереги жок болгондугун жана эч нерсени чечпегендигин тергөө аныктап чыкканын айткан.

Жактоочу келишимди түзүүдө Артыкбаев эч кандай таасир этпегендигин айтып, сотко жогорудагы жүөөлөрдү келтирди.

Буга чейин ЖМКларда кабарлангандай, тергөө башкармалыгын начальниги Сагынбека Самидин уулу ЖЭБди модернизациялоо боюнча парламенттин жыйынында депутатардын суроолоруна жооп берип, Осмонбек Артыкбаев министр болуп турганда ЖЭБ боюнча чечим кабыл албагандыгын билдирген.Ошондой эле ал компанияны тандоодо жана 386 млн.доллар өлчөмүндө келишимдин суммасы президенттик аппаратта Артыкбаев министр болгонго чейин эле чечилгендигин тастыктаган.

Ссылка: https://barometr.kg/tec-ishi-korgoo-artykbaev-tvea-menen-elektr-stanciyalarynyn-ortosunda-tzlgn-kelishimge-taasir-etken-emes0



Добавить комментарий