«Эргүү» улуттук театр сыйлыгын алгандардын тизмеси

28 март 2019 09:24 1130 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

27-мартта Эл аралык театр күнүндө кыргыз театрларында өткөн жылы коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктылары тандалып алынып, VI «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды. 

Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Маданият маалымат жана туризим министири Азамат Жаманкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер Нияз жана Кыргызтан театр ишмерлери уюмунун төрагасы Жаныш Кулманбетов катышты. 

«Эргүү» улуттук театр сыйлыгын алгандардын тизмеси:

  • «Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн» номинациясы — Кыргыз драм театрынын башкы бухгалтери Шамырбек Өмүралиевге;
  • «Эң мыкты эпизоддук ролу үчүн» номинациясы — «Кылым карытар бир күн» спектаклиндеги Айзаданын ролу үчүн Альбина Имашовага;
  •  «Эң мыкты сценография» номинациясы — Тилекматов Бакытка;
  •  «Балдар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн» номинациясы — «Кар ханышасы» спектаклиндеги Герданын ролу үчүн Мадина Талипбековага;
  • «Экинчи пландагы эркектин ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн» номинациясы — «Кылым карытар бир күн» спектаклиндеги Сабитжандын ролу үчүн Азиз Мурадилаевге;
  • «Эң мыкты режиссура» номинациясы — Эгемберди Бекболиевге;
  • «Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн» номинациясы — Кыргыз Республикасынын эл артисти Асанкул Осмоновго;
  • «Жаштар ойногон эң мыкты спектакль» номинациясы — «Текшерүүчү» спектакли үчүн Т.Абдумомунов атындагы КУАДТнын алдындагы театралдык окуу жайынын 4-курсунун студенттерине жана курстун жетекчиси Назым Мендебаировго;
  • «Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль» номинациясы — КУАДТнын «Кар Ханышасы» жомогу үчүн тапшырылды.

Ссылка: https://barometr.kg/teatr-knnd-erg-uluttuk-teatr-syjlygyn-algandardyn-tizmesi



Добавить комментарий