Тажикстандык чек ара кызматкерлери КР аскер кызматкерин ур-токмокко алышып, кайра кечирим сурашты
Кечээ 20-июлда Кишемиш-Аксай транзиттик жолунда Тажикистан Республикасынын "Ворух" анклавынын аймагынан өтүп бара жаткан КРнын 2 аскер кызматкерлерин жана эки КР жаранын Тажикстандын чек ара кызматкерлери мыйзамсыз кармап, ал тургай алардын бирөөсүн жеңил ур-токмокко дагы алышкан. Тез аранын ичинде Баткен облусу тарабынан жана Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн соң, кармалган аскер кызматчыларын жана КР жарандарын Кыргызстанга өткөрүп беришкен. Эки тараптын аскер кызматкерлеринин жолугушуусунда Тажикстан тарап кечирим сурады.
Ал эми укук бузууларды алдын алуу боюнча иш аракеттерди жөнгө салуу үчүн КР чек ара кызматкерлерине укук коргоо органдары жана жергиликтүү өзүн башкаруу органдары менен биргеликте элдерге түшүндүрүү иш-чарасы өттү.
Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.
Добавить комментарий ×