Тажикстанда түрмөдөн чыккан тополоңдон 32 адам каза тапты
Вахдат шаарындагы түрмөдө чыккан тополоңдо 32 кишинин өмүрү кыйылды.
Тажикстандын Юстиция министрлиги алардын 29у абакта жазасын өтөп жаткандар, ал эм үчөө түрмө кызматкерлери экенин маалымдады.
Министрлик Вахдат шаарындагы 3/2 («Кирпичный») түрмөсүндө тополоң чыгаргандардын башында кимдер тургандыгын айтты деп жазды Avesta.tj. сайты. Тополоңду уюштургандардын арасында Тажик ИИМинин өзгөчө даярдыктагы атайын бөлүгүнүн экс-командири Гулмурод Халимовдун уулу Бехруз Гулмурод, ошондой эле Махмадулло Шарипов, Гулов Фахриддин и Рухулло Хасановдор бар экендиги белгиленди.
Тополоңду уюштургандар жана катышуучулардын бардыгы 401-берене «жалданмачылык» боюнча жана терроризм, экстремизм, айрымдары террористтик «Ислам мамлекети» уюмуна мүчө болгондугу үчүн соттолгондор болгон. Абакта тополоңду баштагандар алгач түрмөнүн үч кызматкерин - майор Бурхониддин Муродов, майор Абдуджаббор Халимов, ага лейтенант Махмуд Асоевдерди барымтага алышкан жана аесуз өлтүрүшкөн. Тополоң чыгаргандардын колунда бычак сыяктуу учтуу, курч куралдар болгон. Алар түрмөнүн медициналык бөлүмүн өрттөп, камакта отургандардын арасынан бир нече кишини барымтага алып, өздөрүн бошотууну талап кылышкан.
Учурда 35 киши кармалып, иликтөө жүрүп жаткандыгын Тажикстандын Юстиция министрлиги кабарлады. колго түшүрүлгөнүн, учурда иликтөө жүрүп жатканын маалымдады. Учурда абал туруктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-trmdn-chykkan-topolodon-32-adam-kaza-tapty
Добавить комментарий ×