Тажикстанда кыргыздар жол кырсыгына учурап, бир үй-бүлө бүтүндөй каза болгондугу айтылууда

2 октябрь 2018 13:00 1834 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Тажикистандын Лахш районунда (мурдагы Жерге-Тал) жол кырсыгынан кыргыздар каза болгондугу айтылды. Бул тууралуу Тажикстандын  Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети билдирди. 

Ал эми "Озоди Тажик" агенттигинин берген маалыматына ылайык, кырсыкка кабылгандар этникалык кыргыздар болуп чыкты. Маалыматка таянсак 7 адам жабыркап, алардан  сырткары дагы 5 жаран жаракат алган.

Жүк ташуучу "ЗИЛ" үлгүсүндөгү унаада 12 адам тоодон картөшкө казып келе жатышкан. Айдоочусу Санатулло Юсупов унааны башкара албай 100-120 метрлик тик жардан ылдый кулап кеткен.

"Озоди Тажик" маалымат кызматы: "Кырсыктан бир үй-бүлө мүчөлөрү каза болгон. Алардын жаш курагы болжол менен 4 жаштан 45 жашка чейин. Ошол эле кырсыктан 5 жаран жабыркап, алардын экөөсү оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Айдоочу да учурда ооруканада жатат.

Маалымат үчүн айта кетсек, Тажикистандагы этникалык кыргыздардын саны 61 миңге жетет.

Жогорудагы маалымат 30-сентябрь күнү саат 19:30 чамасында катталган.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-kyrgyzdar-zhol-kyrsygyna-uchurap-bir-j-bl-btndj-kaza-bolgondugu-ajtyluuda



Добавить комментарий