Тажикстанда аял үч баласын асып өлтүрүп, анан өз жанын кыйган

12 апрель 2021 15:19 10385 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстанда аял өзүнүн үч баласын өлтүрүп, анан, өзү асынып алды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер башкармалыгынын сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Пенджикент шаарынын Рудаки айыл аймагынын Некнот айылынын тургуну, 32 жаштагы Шахло Шарипова үй-бүлөлүк чырдан улам, өзүн жана үч баласын өлтүрүп койду.

"Аял 10-апрелде саат 16:00 чамасында балдарды  "Боги Ниёз" шаарчасына алып келип, жоолук менен байлап, даракка асып койгон. Андан кийин өзү асынып алган», - деп айтылат Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалыматында.

Каргашалуу окуядан улам, аял жана анын үч баласы каза болгон. Каза болгон балдар 6 жашта, 4 жашта жана 8 айлык болгон.

Учурда, бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstanda-ayal-ch-balasyn-asyp-ltrp-anan-z-zhanyn-kyjgan



Добавить комментарий