Тажикстан Кыргызстандын чек арачысын кайтарып берди

10 июль 2021 12:19 605 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен областындагы кыргыз-тажик чек арасында жагдай туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына шилтеме кылуу менен “Барометр” билдирет.

Аталган маалыматка таянсак кечээ болгон сүйлөшүүнүн натыйжасында Чек ара кызматынын прапорщиги З.Умаров бошотулуп, кыргыз тарапка өткөрүлдү. Аны Тажикстандын аскерлери кол салган маалда кармап кетишкен.

Бүгүн ал жана КРнын чек ара өкүлү «Кайрагач-унаа жолу» өткөрмө бекети аркылуу кайтып келишти. Чек арачынын абалы канааттандырарлык.

Эскерте кетсек, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки тараптын аскерлеринин атышуусу болгон.

 

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstan-kyrgyzstandyn-chek-arachysyn-kajtaryp-berdi



Добавить комментарий