Тажикстан чек арада жер казуу иштерин токтотту

23 август 2021 13:29 1469 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикстан тарап “Головной” суу бөлүштүрүү жайынын каршысындагы жер казуу иштерин токтотту. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан кабарлашканын “Барометр” билдирет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал учурда салыштырмалуу туруктуу деп бааланууда.

Баткен районунан Төрт-Көчө аймагында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

“Тараптар Эки-Таш жергесинде Кыргызстандын жарандарына таандык унаага таш ыргытылганы, ошондой эле «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайынын каршысында тажик тарап жүргүзүп жаткан иштер боюнча   фактыны карап чыгышты. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен эки тараптын жарандарынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплексттүү иш-чараларды кабыл алуу тууралуу чечим кабыл алынды.Мындан тышкары Кыргызстандын жарандарына таш ыргытуу фактыларын иликтөө боюнча укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүлөт.Чек ара кызматкерлери мындай окуяларды болтурбоо үчүн чек арага жакын жайгашкан айылдын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт”,-деп айтылат Чек ара кызматы тараткан маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhikstan-chek-arada-zher-kazuusun-toktottu



Добавить комментарий