Рахмон менен Жээнбековдун кортежи үчүн Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки жол бир саатка жабылат

26 июль 2019 12:27 1595 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тажикистандын президентинин келишине байланыштуу  Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки  жолго бир саатка убактылуу чектөөлөр коюлат. Бул тууралуу 

ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

"Урматтуу жарандар, 26-июлдан 28-июлга чейин Кыргызстанга Тажикистандын президенти Эмомали Рахмон иш сапары менен келет. Ушуга байланыштуу, буга чейин кортеждин тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Тамчы айылынан Чолпон-Ата шаарына чейинки жолдо кортеж өтүп бара жатканда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр коюла тургандыгы маалымдалган. Такталган маалымат боюнча, транспорт каражаттарынын кыймылына бүгүн, 26-июль күнү бир саатка гана чектөөлөр коюлат. Башка күндөрү эч кандай чектөөлөр киргизилбей, жолдор ачык болот. Ошондуктан, 26, 27, 28-июль күндөрү Ысык-көл облусуна бара жаткан учурда эркин жүрүүңөргө тынчсызданбай эле койсоңор болот жана жол кыймылынын эрежелерин сактагыңыздар", - деп кабарлады ИИМ.


Ссылка: https://barometr.kg/tazhikistandyn-prezidentinin-kelishine-bajlanyshtuu-tamchydan-cholpon-ataga-chejinki-zhol-bir-saatka-zhabylat



Добавить комментарий