Тажик тараптын чек арага кол салуусунан 4 кыргыз аскери жарадар болду

16 сентябрь 2022 09:37 1093 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз-тажик чек арасындагы тажиктердин кол салуусунун кесепетинен Кыргызстандын төрт аскери жарадар болуп, тургундарды эвакуациялоо башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматына таянып  "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 16-сентябрь таң эрте саат 06:00дө Баткен районунун Эки-Таш участкасына Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан төрт аскер кызматкери жарадар болду. 

Маалыматка ылайык, саат 8:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат.

Баткен районунун кооптуу айылдарындада жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталды.


Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-taraptyn-chek-araga-kol-saluusunan-4-kyrgyz-askeri-zharadar-boldu



Добавить комментарий