Тажик тараптан кыргыз чек арачыларын көздөй ок атылды
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү бүгүн, 2020-жылдын 24-майында, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Баткен облусунун Баткен районунун Мойнок жерлигинде Кыргызстандын чек ара кызматы Тажик Республикасынын "Ворух" анклавынын жергиликтүү жашоочулары тарабынан Кыргызстандын аймагына мал-жандыктарын кайтаруу аракетин болтурбай жокко чыгарышкан.
Тажик тараптан белгисиз адамдар тарабынан кыргыз чек арачыларын көздөй ок чыгарып атып башташкан.
Саат 11.40 чамасында кыска убакытка Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кезметтеринин ортосунда атышуу орун алган. Кыргызстандын чек арачыларынан жаракат алгандар жок.
Саат 12.20 чыр-чатак чыккан жерде Кыргыз Республикасынын менен Тажик Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болду.
Азыркы учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы аталган жерликтеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу.
Эки тарап чыр-чатактын келип чыккан факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-taraptan-kyrgyz-chek-arachylaryn-kzdj-ok-atyldy
Добавить комментарий ×