Тажик тарап кыргыз чек арасы жака оор техникалар менен аткылап жатат

16 сентябрь 2022 09:29 1530 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.

Маалым болгондой, учурда кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.

"Эртең менен "06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мащар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууда жана абалды турукташтырууга жана жаңжалдын чыгып кетүүсүн алдын алууга бардык күчүн жумшайт", -деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-tarap-kyrgyz-chek-arasy-tarapka-oor-tehnikalar-menen-atkylap-zhatat



Добавить комментарий