Тажик президенти Кыргызстандагы элчисин кызматтан алды
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Жарлыгы менен Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчи Сухроб Олимзода кызматтынан алынды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Анын ордуна Назирмад Ализода дайындалды. Ал буга чейин Казакстанда элчи болуп иштеп келген.
Эске салсак, 10-январда түндө Жака-Өрүк аймагынан Тажикстандын жарандары Кыргызстандын жарандары бараткан жеңил автоунааны ташка алышкан.
Ушундай эле окуя Көчө-Карын аймагында катталган.
Ал эми түнкү саат 2:40тар чамасында Дахма аймагында Тажикстан тараптан ок атылып, Кыргызстан тараптагы жерде жашаган аялдар менен балдар коопсуз жайга чыгарылган.
Окуядан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчисине каршылык нотасын тапшырган.
Чек арадагы бул маселе эки мамлекеттин президенттеринин деңгээлине чейин көтөрүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-prezidenti-kyrgyzstandagy-elchisin-kyzmattan-aldy
Добавить комментарий ×