Тажик генералынын “Баткен эч убакта кыргыздардын жери болгон эмес” деген билдирүүсүнө жооп болушу керек

15 февраль 2020 10:11 1233 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 14-февралда түштөн кийин Тажикстандын элчиси Назирмад Ализоданы чакырып жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда кыргыз тарап Тажикстандын Согди облусу боюнча ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп кайта дайындалган милициянын генерал-майору А.Навджувоновдун айткандары боюнча тынчсызданып жатканы кабарланган.

Себеби, Тажикстандын бир катар ЖМКлары менен интернет басылмалары 13-февралда Навджувоновдун  “Эгер тарыхты карай турган болсок Баткен кыргыздардын жери болгон эмес” деген материалды жарыялаган. Ал мындай билдирүүсү менен тарыхты бурмалап, эки элдин ынтымагына доо кетирип жатат.

Жогорку кызмат адамдарынын анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн мындай билдирүүсүнө жол бербөө керектиги, тескерисинче эки өлкөнүнү мамлекет жетекчилеринен тапшырмасы менен чагымчыл билдирүүлөрдүн алды алуусу керектиги баса белгиленди.

Кырыз тарап расмий Душанбеден тийиштүү жооп күтөт жана мындай окуялар кайталанбайт деп үмүттөнөрү билдирүүдө айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-generalynyn-batken-ech-ubakta-kyrgyzdardyn-zher-bolgon-emes-degen-bildirsn-zhoop-bolushu-kerek



Добавить комментарий