Тажик чек ара кызматкерлери Достук айылындагы мектепти басып алышты
Баткенге тажик тарап куралдуу кол салып, Достук айылындагы мектептин имаратын басып алышты.
Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, саат 14:00гө карата Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуп жатат.
"Баткен районунун Достук айылындагы мектептин имаратын тажик аскер кызматкерлери басып алышты.
Тажикстандын аскер кызматкерлери чек арага жакын жайгашкан айылдардын конуштарынан ок чыгарып жатышат.
Тажик тарап өзүнүн карапайым калкын "тирүү" калкан катары пайдаланып жаткандыктан, алар карапайым калк арасында чоң жоготууга учурап жатат.
Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда КР УКМКнын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү тажиктердин «Ляккан» жана «Богдари» чек ара заставаларына сокку узатышып, тажик тараптын бир топ оор техникасы жок кылынды.
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда, кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда", -деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/tazhik-chek-ara-kyzmatkerleri-dostuk-ajylyndagy-mektepti-basyp-alyshty
Добавить комментарий ×