Таттуу түгөйлөр Урмат менен Неля махабат кечесин өткөрөт

8 апрель 2019 10:57 2263 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Таттуу түгөйлөр, ырчы Урмат Усенов менен Неля Нуркулова күйөрмандары менен чыгармачылык кече өткөрөт. Бул тууралуу Неля өзүнүн интернет баракчасынан билдирди.

Ырчы окурмандарына:

“Урматтуу биздин угарманыбыз жыпар жыттуу жаз айында биздин сиз үчүн даярдаган жакшы жанылыгыбыз бар. Биз сиздер менен махабат кечесинде сырдашкыбыз келди. Атайын өзүбүздүн сүйүктүү ырларыбызды чын жүрөгүбүздөн тизмектеп даярдадык, бул жолу сиз көрүүчү, биз аткаруучу катары эмес, жакын санаалаштардай жай отуруп сырдашчу, кошулушуп ырдашчу маал келди деп ойлойбуз. Себеби ушунча убакыт биз менен чогуу ардактап сыйлап алакан чаап, колубуздан таяп колдоп, жылуу сөзүнүңүздөрдү, көркөм гүлдестеңиздерди арнап, аруу сүйүүңүздөргө бөлөп, бирге болдуңуздар. Ал үчүн миң мертебе ыраазыбыз. Демек, апрелдин 29у жана 30унда биз сизди Спорт Ордосунда чыдамсыздык менен күтөбуз!”, -деп кайрылып ага кошумча жаңы жыпар жыттуу атырларыбызга күбө боло аласыздар деген билдирүү калтырды.

Көпчүлүк таттуу түгөйлөргө ийгилик каалап кечеге сөзсүз келээрин билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/tattuu-tgjlr-urmat-menen-nelya-mahabat-kechesin-tkrt



Добавить комментарий