Татарстандагы эл аралык кинофестивалга үч кыргыз тасмасы тандалып алынды

9 апрель 2019 10:27 841 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Татарстандагы мусулман киносунун XV Казан эл аралык фестивалына үч кыргызстандык тасма катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фонду билдирди.

Фестиваль 24-30-апрель күндөрү болуп өтөт. Кыргызстандын атынан ал фестивалга Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" узун метраждуу тасмасы, кыска метраждуу тасмалардан Айзуура Иманалиеванын "Кумайык" жана Ибадылла Ажибаевдин "Мугалим" тасмасы катышат.

Ссылка: https://barometr.kg/tatarstandagy-el-aralyk-kinofestivalga-ch-kyrgyz-tasmasy-tandalyp-alyndy



Добавить комментарий