Ташиев: Президенттин отставкасы талкууда. Буюрса баары эл каалагандай болот
Бүгүн, 15-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынын ылдый жагындагы «Ысык-Көл» мейманканасынын айланасына чогулган элге Камчыбек Ташиев кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды.
"Урматтуу эл журт! Митинге катышууга келген жарандарга кайрылуу! Мамлекетибиздин биримдиги жана тынчтыгы үчүн президент жана премьер-министр активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Президенттин отставкасы талкууда, буюруса баары эл каалагандай болот. Сабыр кылыңыздар, тынчтыкты сактап күтө туруңуздар», -деген билдирүү таратты.
Ошол эле учурда, мамлекеттик резиденциянын айланасында атайын даярдыктагы аскер кызматкерлери турганын көрүүгө болот.
Белгилей кетсек, учурда «Ысык-Көл» мейманканасынын айланасына чогулгандардын саны барган сайын көбөйүп жатат. Алар президенттин бийликти тапшырып, толук бийликти Садыр Жапаровго өткөрүп берүүсүн талап кылып турушат.
Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-mamlekettik-rezidenciyanyn-ajlanasyna-chogulgan-elge-kajryluu-zhasady
Добавить комментарий ×