Ташиев: Коңшу өлкөгө жерибизди берсек, анын ордуна башка аймактан жер алабыз
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 18-февралда Баткенде эл менен жолугушуу учурунда Кыргызстандын айрым жерлерин коңшу өлкөгө берип, кайра анын ордуна башка аймактан жер алуу менен маселе чечилерин айтты.
"Биз коңшуларга айрым жерибизди беребиз, бирок, анын ордуна башка участоктордон жер алабыз. Ошентип, маселе чечилип жатат. Ооба жерди коңшуларга берип коюу оор. Бирок, маселе башка жол менен чечилбейт. Мисалы, биз Ала-Букадан жер беребиз, бирок Сузактан жер алабыз", - деди Ташиев.
Анын айтымында, бул менин жерим деп менчиктеп алуунун өзү туура эмес.
"Менин ата-бабам жашап, мал багып келген жер деп менчиктеген болбойт. Бул мамлекеттин жери. Буга түшүнүү менен мамиле кылуу керек. Сиздер 100 жылдар боюу колдонуп келген жерди берсеңиздер, коңшу өлкө да сиздер сыяктуу кылымдап колдонгон жерин берет", - деп кошумчалады Ташиев.
Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-koshu-lkg-zheribizdi-bersek-anyn-orduna-bashka-uchastokton-zher-alabyz
Добавить комментарий ×