Ташиев: Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу кайрадан Өзбекстанга барып сүйлөшүп келем

19 апрель 2021 14:57 8110 Barometr
Бөлүшүү:
ok

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-апрель күнү Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын калкы менен жолугушууда. Эл менен жолугушуу учурунда ал Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагынан берилген 50 гектар жер боюнча кайрадан Өзбекстанга сүйлөшүүлөргө барарын айтты.

Ташиевдин айтымында, Кемпир-Абад суу сактагычынын аймагынан берилген жер боюнча келишимди буза турган болсок, анда, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгына чечилген келишимдер жокко чыгарылып кетет.

“Бул суу сактагычынын аймагындагы жер тууралуу чечим, жалпы кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган. Бул маселени өтө кылдаттык менен чечишибиз керек. Ушул маселе үчүн кайрадан Ташкентке барып келем. Бул жерде Ынтымак айылынын эле көйгөйү эмес да.

Эми, буга чейин, Өзбек тарап суу сактагычтын аймагынан өздөрү эле тосуп алган 20 гектар жер бар. Бул жерлер да биздики. Мен айтып көрөйүн, ушул тосуп алган 20 гектар жерди эле берели, ушул менен токтойлу деп. Ал эми, буга чейин, түзүлгөн жалпы протокол бузулуп кетпеши үчүн болгон аракетимди кылайын”, - деди Ташиев.

Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-kempir-abad-suu-saktagychy-tuuraluu-kajradan-zbekstanga-baryp-sjlshp-kelem



Добавить комментарий