Ташиев: Үч күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акчаларды өндүрдүк

21 октябрь 2020 11:20 2077 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев үч күндө өлкө казнасына 2 миллиард сом түшүргөнүн айтты. Бул тууралуу анын фейсбук баракчасына жазылган маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

“Урматтуу мекендештер!

Официалдуу жумушка чыкканыма бүгүн, үч күн болот. Үч күндө 2 млрд сомдон ашык уурдалган акча өндүрдүк. Тергөө аныктаса дагы төгөт. Мамлекетке зыян келтирген коррупционерлерден элдин акчасын кайтара баштадык. Бул башталышы гана. Буюрса көптөгөн эл жегичтер менин тизмемде турат. Баарын кустурабыз. Ушул коррупционерлерди кустуруу операцияларында бир да укук коргоо органдарынын кызматкерлери бир сом дагы «взятка» алышпайт. Баарын мамлекетке төктүрөбүз. Бул маселелер жеке менин көзөмөлүмдө болот. Эч кыжаалат болбоңуздар! Аларды камап, кармап олтурбастан, уурдаган акчасын төлөтүп, кийинки кылмыштарына бөгөт койобуз. Кыргыз мамлекетинде коррупционер, элдин акысын жеген, бандит болуп элди куураткан бир адам да болбош керек”, - деген жазуу калтырган Ташиев.


Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-ch-knd-2-mlrd-somdon-ashyk-uurdalgan-akchalardy-ndrdk



Добавить комментарий