Ташиев Баткендеги чек арадагы ок атуудан жаракат алгандардан кабар алды
Бөлүшүү:
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги чек арадагы ок атуудан жабыркагандардын абалынан кабар алганы ооруканага барды. Бул тууралуу "Барометр" маалымдайт.
Маалым болгондой, Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуялардан жабыркап, Лейлек районундагы ооруканада жаткан тургундардын абалы менен таанышты.
Ташиев, бейтаптардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чаралар ыкчам түрдө көрүлүшү керек экендигин эскертти.
Эске сала кетсек, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында ок атылып, эки жаран жана бир өспүрүм жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/tashiev-batkendegi-chek-aradagy-ok-atuudan-zharakat-algandarga-oorukanaga-bardy
Добавить комментарий ×