Таш-Мойнокто жолдо турган аялды төрт эркек унаага салып кетип тоого алып барып зордуктаган

24 апрель 2019 10:36 16306 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областында эки эркек аялды жайлоого алып барып зомбулук көрсөткөн үчүн 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Аламүдүн райондук соту жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарлады. 

Аталган маалыматка таянсак, өткөн жылдын жайында төрт эркек Таш-Мойнок айылына барышкан. Борбордук көчөдө турган аялды көрүп калышып күч менен унаага салып кетишкен.

Андан соң жайлоого алып барышкан. Унаадан түшүрүшүп, өлтүрөбүз деп коркутуп ар бир эркек аялды эки жолудан зордуктаган.

Жабырлануучунун айтымында, ал Таш-Мойнок айылына барып маршрутка күтүп турганда жолдон токтогон унаадагылар аны күч менен салып кетишкен. Алар аны уруп, муунтуп сабап, башка чаап кийин жайлоого алып барганда катуу зомбулук көрсөтүшкөн.

Зордукчулардын бири аны өлтүрүүнү сунуштаган, калгандары аны бир жакка алып барып салууну чечишкен.

Акыры алар аны жакын жердеги унаа жуучу жайга алып барып ташташкан.

Экспертизанын жыйынтыгы менен эки эркек сегиз жылдан кесилди. Кылмыштын калган катышуучулары тууралуу маалымат берилген жок.

Ссылка: https://barometr.kg/tash-mojnokto-zholdo-turgan-ayaldy-trt-erkek-unaaga-salyp-ketip-toogo-alyp-baryp-zorduktagan



Добавить комментарий