Таш-Көмүр шаарында 6 бодо мал уурдаган жигит кармалды
Таш-Көмүр милициясы мал уурулукка шектүүнү кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматынын маалыматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнө 56 жаштагы Т.Ж. арыз менен кайрылган.
Ал өз арызында 2021-жылдын 10-декабрына караган түнү саат 2:00 чамасында үйүнүн короосунда байланып турган жеринен 6 баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин, натыйжада 500 000 сомго жакын зыянга учураганын билдирген.
Бул окуя Таш-Көмүр ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (КБР) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Таш-Көмүр милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Аксы районунун тургуну 1992-жылы туулган А.Т. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Уурдалган мал жандыктары толугу менен ээсине кайтарылып берилген.
Ссылка: https://barometr.kg/tash-kmr-shaarynda-6-bodo-mal-uurdagan-zhigit-karmaldy
Добавить комментарий ×