Тарых музейине кирүүнүн баасы 165 сом болот

20 ноябрь 2021 14:00 1740 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тарых музейине экскурсия кылуу жана кирүү баасы 165 сом болот. Бул тууралуу музейдин директорунун милдетин аткаруучу Гульбара Абдыкалыкова билдирди.

Ал музейдин фондунун баардык экспонаттары жаңыртылганын айтты. Музейде 100 миңге жакын экспонаттар бар, алар керектүү температурада сакталат.Аталган мурастарды сакташ үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Ошондой эле экспонаттар тиешелүү температурада айнек витриналарда сакталат.

“Жаңыртылган музейде медиастанциялар бар, андан келгендер тест режиминде иштеген, бирок музейге коюлбаган экспонаттарды көрө алышат. Ошондой эле жарыктандырылуу менен башка техникалык керектүү зарылдыктар толук жаңыртылды”,-деп айтты ал.

Тарых музейи кечээ, 19-ноябрда 5,5 жылдык тыныгуудан кийин ачылды. 30-ноябрдан баштап музейге кирүүгө акы алына баштайт.

Ссылка: https://barometr.kg/taryh-muzejine-kirnn-baasy-165-som-bolot



Добавить комментарий